Биз менен байланышыңыз

Түштүк Кореянын премьер-министри Кыргызстанга келет

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 452 | 0

Өлкөнүн Тышкы иштер министр Чыңгыз Айдарбеков бүгүн Кореянын Кыргызстандагы Элчиси Ха Тэ Ёк мырзаны кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Тараптар кыргыз-корей мамилелеринин азыркы абалы жана саясий, экономикалык, парламенттер аралык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө практикалык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү, ошондой эле, кызматташуунун өзүнчө долбоорлору боюнча пикир алмашышты.

2019-жылдын июль айына мерчемделген Корея Республикасынын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга расмий сапарын даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Сапарды жогорку деңгээлде ийгиликтүү өткөрүү максатында тараптар тыгыз координациянын, ошондой эле алдыдагы бизнес-форумдун мерчемин тыкыр иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Copyright © 2017 Maral FM