Биз менен байланышыңыз

Акаев: Жаңы Икрамдарды, Абдил Сегизбаевдерди жаратпашыбыз керек

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 567 | 0

Кыргызстанда болуп жаткан мыйзамсыз иштерде парламент дайым биригип, адилетсиздикке каршы күрөшкөндө, азыркыдай көйгөй болмок эмес. Мындай пикирин депутат Жанар Акаев экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу боюнча маселе каралып жатканда билдирди. Ал Атамбаевге жасалып жаткандай эле, бардык мыйзамсыз аракеттерге, бардык органдарга чабуул жасоо керектигин айтты.

— Азиз Батукаев өлкөдөн чыгып кеткенде, Алмазбек Атамбаев президент болуп турган. Ошондо аны чакырып, суракка алсак болмок. Шамиль Атаханов Атамбаевге каршы көрсөтмө берди деп жатабыз. Буга чейин орусиялык шылуундун көрсөтмөсү менен Текебаевди камап коюшту. Бул бара-бара өнөкөт көрүнүшкө айланышы мүмкүн. Азыр Атамбаевге каршы өч алуудан алыс болушубуз керек.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өз учурунда жанындагы жакындарын кандай кызматтарга дайындаганын айтты.

— Биз мындан ары президентти колдойбуз, жардам беребиз десек, жаңы Икрамдарды, Манас Арабаевдерди, Абдил Сегизбаевдерди жаратпашыбыз керек. Эгер ошондой болсо, парламент чогулуп, элдин талабын ишке ашырганга мүмкүнчүлүк бар.

Эске сала кетсек, 13-июнда экс-президент Алмазбек Атамбаевди макамынан ажыратуу жана күнөө коюу боюнча депутаттык комиссия түзүлгөн. Аталган комиссиянын ишинин жыйынтыгында демилгечи топ тарабынан көтөрүлгөн 9 пункттан турган айыптоолор каралып, алардын 6 пунктунда мыйзам бузуулар бар деген тыянак чыгарылган.

Copyright © 2017 Maral FM