Биз менен байланышыңыз

Акыркы 5 айда ИДП 5,6 %га жогорулады

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Июн 2019 | 479 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДПнын өсүшү 184 миллиард сомду түзүп, 5,6 %га жогорулады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуусунда билдирди.

Маалыматка ылайык, ИДП өнөр жай өндүрүшү, айыл чарба, курулуш жана кызмат көрсөтүүнүн көлөмдөрүнүн көбөйүү эсебинен жогорулаган. Ошондой эле, негизги капиталга инвестициялардын 4,9 пайызга өскөнү белгиленди.

Белгилей кетсек, бүгүн 20-июнда Акылбек Султанов президенттин кабыл алуусунда болуп, 2019-жылдын январь-май айларынын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берди.

Copyright © 2017 Maral FM