Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев: 2020-жыл финансылык тартип жылы болот

Кыска кабар | 14 Янв 2020 | 709 | 0

Жаңырган жыл мамлекеттик органдар үчүн экономикалык жетишкендиктердин жана туруктуу өнүгүүнүн жылы болушу керек. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен өткөн кеңешмеде билдирди.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы жетишилген бир катар көрсөткүчтөргө токтолду.

«2017-жылга салыштырмалуу ИДП 110 млрд сомго көбөйүп, импорттун көлөмү 8,2% кыскарып, экспорт 7,6% өскөн. 2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча республикага келген инвестициялардын көлөмү 580 млн долларды түзгөн. 2018-жылга салыштырмалуу өсүш 67,3% түзгөн. 2019-жылы республикага 8,5 млн чет элдик жаран келген, бул 2018-жылга караганда 1,5 млн көп», — деп билдирди ал.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, 2020-жылы «Жерүй», «Чаарат ЗААВ», «Этибакыр-Терексай», «Кыргыз унаа курулуш» жана «Кыргыз текстиль», «Металл кен», «Баден сервис» сыяктуу ири инвестициялык долбоорлор өз ишмердүүлүгүн башташат.

Премьер-министр салыктык жана бажылык жол-жоболорду фискалдаштыруу быйыл Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болуп саналарын белгилеп, ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, социалдык мааниси бар долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча долбоорлорго өзгөчө көңүл буруу керектигине токтолду.

«2020-жыл финансылык тартип жылы болот. Быйыл парламенттик шайлоо, жалпы улуттук каттоо жана Токио шаарында биздин спортчулар катыша турган кезектеги Олимпиадалык оюндары сындуу маанилүү иш-чаралар болот», —  деп Абылгазиев сөзүн жыйынтыктады.

Copyright © 2017 Maral FM