Биз менен байланышыңыз

Орозова: Премьер-министрдин агасы Изилдөө институтун мыйзамсыз жетектеп турат

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 948 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин агасы, Улуттук илимдер академиясынын философия, укук жана социалдык-саясий изилдөө институтунун мурдагы жетекчиси Саралаев кызматын бошотпой жатат. Мындай маалыматты депутат Карамат Орозова парламенттин жыйынында айтып чыкты. Анын айтымында, 2018-жылы аталган институттун төрагасын шайлоо өтүп, анда Саралаев жеңилип калган.

— Ушул жылдын 6-июнунда да кайра шайлоо өтүп, ага 48 илимий кызматкер катышкан. Алардын 23ү Саралаевге добуш берсе, 25и Алмаз Токтогуловду колдогон. Шайлоо мыйзамдуу өткөнүнө карабастан, Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев Токтогуловду дайындабай жатат.

Депутатка кат менен кайрылган илимий кызматкерлер мунун себебин да айтышкан. Анда өкмөт башчы буга чейин Мурат Жуматаевдин кызын Социалдык фонддун төрагасынын орун басары кылып дайындаганын, буга жооп катары Саралаевди кызматка коюу аракетинде экендигин айтышкан.

Орозова буга чейин да премьер-министрдин айланасында ар кандай сөздөр жүргөнүн эске салып, тууганчылыктан арылып, мыйзамды сыйлоого чакырды.

Эскерте кетсек, Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмү буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бир туугандары тууралуу маалымат тараткан болчу. Ал тизмеде Саралаев тууралуу айтылган эмес.

Copyright © 2017 Maral FM