Биз менен байланышыңыз

Орозова Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн рангын көтөрүүнүн сунуштады

Кыска кабар | 25 Фев 2021 | 518 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Карамат Орозова Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Өкмөттүн чек ара боюнча орун басары деген рангын берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүндө чек ара маселесин чечүү боюнча ыйгарым укугу жок. Бирок дайыма чыр-чатак чыкканда губернатор алмашып, маселе чечилбей келет.

«Облустун өкүлү кылып жакында генералды алып барып койдуңуздар, жок дегенде аты улук. Чек ара маселесин чече алабы, анын кандай укуктары бар? Бизде губернаторлор дайыма чек ара көйгөйүнөн кетет. Мурда облустун өкүлчүлүгүнүн чек ара кызматы боюнча орун басары бар болчу. Эмне үчүн чек ара чечилгичекти ошол кызмат кыскартылып кетти? Ошону кайрадан калыбына келтирүү керек. Мындан сырткары, Өкмөттүн чек ара кызматы боюнча вице-премьер-министри бар болчу, ал да жоюлуп кетти», — деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал жер маселесин чечүүдө Өкмөттүн 5-6 органы бар экенин айтып, анын баарын бириктирип, бир комитет кылууну сунуштады.

Мындан сырткары коңшу өлкөнүн жер комитети бир метр жер үчүн да жооп бере турганын, бизде канчалаган орган болгону менен бир да маселе чечилбей келгенин белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM