Биз менен байланышыңыз

Орозова: Вирусолог, эпидемиолог жана инфекционист адистиктерине бекер окутуу керек

Кыска кабар | 30 Апр 2020 | 775 | 0

Медицина кызматкерлеринин ичинен вирусолог, эпидемиолог жана инфекционисттер өлкөдө жетишпегендиктен, И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында аталган факультеттерге студенттер бекер окутулушу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова билдирди.

Анын айтымында, мындай илдеттен кийин аталган адистердин айлык акысын эки эсе жогорулатып төлөп берүү керек.

«Вирусолог, эпидемиолог жана инфекционисттер ай сайын бекер вакцина алышат. Мына ошолорду бекер кылыш керек. Ошондой эле аларды бул оору өткөндөн кийин да коргоочу кийимдер менен камсыз кылышыбыз керек» , — деди Орозова.

Ошондой эле ал, коронавирус менен ооруп, сакайып чыккан жарандарды такай көзөмөлгө алып туруу керектигин сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM