Биз менен байланышыңыз

Бакыт Төрөбаев журналисттерге сөөмөй кезеди

Кыска кабар | 20 Июн 2019 | 843 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев парламенттин жалпы жыйынында Кыргызстандагы журналисттердин ишин сынга алды. Анда социалдык тармакта бири-бирин каралап, кадыр-баркын кетирип, ушактоо жүрүп жатканын айтты.

— Өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча сунуш-талаптарыңыздар Өкмөттүн чечим кабыл алуусуна таасир этип жатат. Эл сиздердин пикириңиздерге байланып калды. Мисалы, «Азаттык» 700 млн доллар сыртка чыгып кеткен деп иликтөө жасады. Кийин 5-каналдын иликтөөсүн көрүп, ача пикир туулду. «Азаттыктын» журналисти материалды тактабай, жасалма документтерге таянып жасаган деген ой коомчулуктун терең катмарында пайда болду. Менде да күмөн ой жаралды.

Эл өкүлү журналисттер маалыматтын булагын так көрсөтүшү керектигин, ал адам издөөдө жүргөн, террорист же өлкөгө зыян тийгизген адам болушу мүмкүн экенин болжоду.

Өлкөдө саясий туруксуздук, криминалдык, интрига темасындагы жаңылыктар канчалык көп жарыяланса, келген инвестициянын, туристтердин азаярын да эскертти.

Copyright © 2017 Maral FM