Биз менен байланышыңыз

Жогорку сот Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карай турган болду

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 479 | 0

Жогорку сот «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра карай турган болду. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова кабарлады.

Ага ылайык, Жогорку сот ишти 16-июлда карайт.

Эскерте кетсек, 3-майда Жогорку Сот Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновдун ишин карап, жаза мөөнөтүн өзгөртүүсүз калтырган. Отурумда эки саясатчынын үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин гана жокко чыгарылган болчу.

Өмүрбек Текебаевге карата 2017-жылы «Мегакомду» сатууга көмөктөшүү максатында орусиялык ишкерден пара алган» деген жүйө менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле жылдын 16-августунда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Өмүрбек Текебаевди 8 жылга эркинен ажыраткан.

Copyright © 2017 Maral FM