Биз менен байланышыңыз

Эсептөө палатасы айыл өкмөттөрдүн айлыгын көбөйтүүнү Өкмөткө сунуштайт

Кыска кабар | 19 Июн 2019 | 527 | 0

Эсептөө палатасы айыл өкмөттө иштеген кызматкерлердин айлыгын көбөйтүүнү Өкмөткө сунуштайт. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов өткөн жылда жасалган иштер тууралуу Жогорку Кеңеште отчет берип жатып айтты.

«Эсептөө палатасы айыл өкмөттөрдөгү текшерүүнү азайтып, аларга жардам берүүнү максат кылат. Ал жакта иштегендердин айлык акысы төмөн. Биз айыл өкмөттөгү кызматкерлердин айлыгын көтөрүүнү Өкмөткө сунуштайбыз. Кадрлардын жетишсиздиги байкалат. Бюджеттик кодекске ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эки жылда бир жолу текшерүүгө алынат», — деди Улукбек Марипов.

Copyright © 2017 Maral FM