Биз менен байланышыңыз

Чүйдүн Чалдовар айылында мушташ чыгып, 5 бала жаракат алды

Кыска кабар | 18 Июн 2019 | 584 | 0

Чүй облусундагы Чалдовар айылында массалык мушташуу болду. 16-июнда түнү Панфилов райондук ички иштер башкармалыгына маалымат келип түшкөн. Анда бир канча баланын ар кандай жаракат менен ооруканага түшкөндүгү айтылган. Бул тууралуу Чүй ОИИБинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 18 жаштагы К. А., К. Н., А.С., 17 жаштагы А.А. жана К. А. денесинен жаракат алган.

«16-июнга караган түнү 00:30 чамасында уландардын ортосунда пикир келишпестик чыгып, мушташа кетишкен. Анын кесепетинен бир канчасы оор жаракат алган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «бейбаштык» жана «денеге оор залака келтирүү» беренеси боюнча катталды», — деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, мушташты баштаган 19 жаштагы Т. Б. жана Б. Д. аттуу жарандар убактылуу кармоочу жайга камалган.

Copyright © 2017 Maral FM