Биз менен байланышыңыз

Өзгөн: 1 млн сомдук алтын буюмдарды уурдаганга шектелип 5 жаран кармалды

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 569 | 0

Өзгөн районунун аймагынан 1 млн 380 миң сомдук алтын буюмдарды уурдады деп шектелип, 5 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ушул жылдын 28-март күнү 1968-жылы туулган М. Б. аттуу Өзгөн шаарынын тургуну үйүнө белгисиз жарандар кирип, 380 миң сом накталай акчасын жана 1 миллион сомдук алтын буюмдарын уурдап кетишкендигин айтып, Өзгөн районунун Ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган.

Өзгөн РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан атайын ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө шектүү катары 5 жаран кармалды. Алар: Өзбекстандын тургуну 1960-жылы туулган М. Ж., Жалал-Абад облусунун жашоочусу 1995-жылы туулган А. Ф., жана Өзгөн районунун тургундары: 1972-жылы туулган М.И., буга чейин бир нече кылмыш белгилери менен соттолгон 1976-жылы туулган К. Х., 1966-жылы туулган С.Т.  Булардын үйүнө тинтүү жүргүзгөн учурда алтын буюмдар табылып, далил катары алынды.

Кылмышка шектүүлөргө карата Кылмыш-Жаза кодексинин 200-беренесинин негизинде (уурдоо) фактысы менен сотко чейинки өндүрушкө алынып, Өзгөн райондук соту тарабынан камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Copyright © 2017 Maral FM