Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси YTBнын тѳрагасы менен жолугушту

Кыска кабар | 17 Июн 2019 | 405 | 0

Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек  Өмүралиев Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана боордош коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) тѳрагасы Абдулла Эрен менен жолукту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Элчи YTBнын стипендиялык программасы боюнча кыргыз студенттердин Түркияга келип жогорку окуу жайларда билим алууларына кѳмѳк кѳрсѳтүп жаткандагы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Жолугушуу учурунда Кубанычбек Өмүралиев Ван провинцияcындагы Эржиш районунун Улуу Памир айылына Кыргызстандан бара турган кыргыз тили жана адабияты, кол ѳнѳрчүлүк жана музыка мугалимдеринин маяна маселесин чечүүгѳ жардам берүү, Түркиядан окугусу келген кыргыз студенттеринин санын кѳбѳйтүү, Ван кѳлүнүн жээгинде жайгашкан этникалык «Ата Журт» этнокомплексинин иш- аракеттерине кѳмѳк кѳрсѳтүү ѳтүнүчүн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM