Биз менен байланышыңыз

«ШКУ: Бишкек декларациясында конкреттүү фокус бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 423 | 0

ШКУнун саммитинде кабыл алынган Бишкек декларациясында конкреттүү фокус бар. Ал мурдагы декларациялардан айырмаланып турат. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан ШКУнун саммитин өткөрүү менен дүйнөгө таанылды. Анда президенттер өз мамлекетинин улуттук кызыкчылыгын сунушташты.

«Алсак, өзбек лидери экономиканы өнүктүрүү максатында экономикалык форумду сунуштады. Кытай ШКУ дүйнөдө алдыңкы уюм болсун десе, Орусия коопсуздук маселесин көтөрдү. Кыргызстан ири долбоорлорду ишке ашырууда улуттук кызыкчылыгын унутпашы керек. Мындан сырткары, президент Сооронбай Жээнбековго тышкы саясат боюнча кеңеш зарыл. Кеңешке ар кандай көз караштагы адистер чогулушу кажет», — дейт Осмонбетов.

Ал кошумчалагандай, ШКУга мүчө тараптар уюмду жаңы деңгээлге көтөрүү зарылчылыгын түшүнүп жатышат.

Эске салсак, 14-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында өткөн.  Саммиттин жыйынтыгы боюнча Бишкек декларациясына жана мындан тышкары, 21 документке кол коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM