Биз менен байланышыңыз

Дүйшөмбүдө Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын саммити өтүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 429 | 0

Бүгүн, 15-июнда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын V саммити өтүп жатат.

Иш-чарага катышуу үчүн биринчилерден болуп Бангладеш менен Шри-Ланканын лидерлери келди. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ кечинде ШКУ саммитинен кийин Бишкектен Дүйшөмбүгө түз учуп кетишсе, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн жөнөп кетти.

Саммитке келген конокторду Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өзү тосуп алды. Ошондой эле, ал тараптар менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Copyright © 2017 Maral FM