Биз менен байланышыңыз

ЖИА Казакстандын ассоциациясы менен кызматташат

Кыска кабар | 15 Июн 2019 | 599 | 0

Алматы шаарында өткөн бизнес форумда Кыргызстандын ЖИА бизнес ассоциациясы менен Казакстандын First Business Community ассоцияциясы жеңил өнөр жай, IT, билим берүү багытында биргеликте иш алып баруу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу кабарчыбыз Ира Келдибекова билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү документке ЖИА бизнес ассоциациясынын жетекчиси Фархат Пакыров менен Казакстандын «First Business Community» ассоцияциясынын директору Асет Жумакулов кол коюшту.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жаш ишкерлери тажрыйба алмашуу максатында 2 күндүк иш сапар менен Казакстанга жөнөп кетишкен. Алар иш-чаранын алкагында жаштар ачкан IT багытындагы бизнес мекемелерди кыдырышканын, андан тышкары, бизнести мыкты өздөштүргөн инсандар менен жолугуп, кеңеш алышканын кабарчыбыз кошумчалады.

Ошондой эле, ушундай эле иш-чараны, тактап айтканда, казак-кыргыз ишкерлеринин тажрыйба алмашуу форумун июль-август айларында Кыргызстанга да уюштурууну мерчемдешкенин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM