Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков индиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция кылууга чакырды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 509 | 0

«Индия менен 2018-жылга карата товар жүгүртүүнүн көлөмү 37 млн. доллар болду. Кыргызстандан органикалык таза азыктарды экспорттоого терең ишенем. Боордош Индия өлкөгө эшигибиз ачык». Мындай пикирин «Кыргызстан-Индия» бизнес форумунда президент Сооронбай Жээнбеков билдирди.

Мындан сырткары, Нарендра Модинин премьер-министр болушу менен куттуктап, анын катышуусу эки өлкө ортосундагы бизнеске ишеним жарата турганын белгиледи. Ошондой эле,  бүгүнкү иш чара эки өлкө ортосундагы соода алмашууга мүмкүнчүлүк түзөрүнө ишенимин айтты.

«Сырттагы инвесторлордун баары менин көзөмөлүмдө болот. Логистикалык борборлор пайда салыгынан бошотулду», — деди мамлекет башчы.

ГЭСтер тууралуу айтып, индиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга чакырып, технологияларын да тартуу артыкчылыктуу багыт экендигин кошумчалады.

Copyright © 2017 Maral FM