Биз менен байланышыңыз

Ош: Парктагы тепкичтерден унаасын айдап түшкөн жигитке 7500 сом айып пул салынды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 706 | 0

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов эс алуу багынын тепкичин унаасы менен талкалаган тургунга Бузуулар жөнүндөгү кодекстин «Ээнбаштык» беренесинин негизинде 7500 сом айып пул салынды. Ошондой эле, «Токтогул» сейил багындагы тепкичкерге келтирилген зыяндын суммасы 4 миң 500 сомду түздү. Бул тууралуу Ош облустук Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, 9-июндан 10-июнга караган түнү  Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы парктын видеокөзөмөл камерасына жөө адамдар жүрүүчү тепкичтери менен унаасын айдап түшкөн жаран түшүп калган болчу. Видео аркылуу издөө жүргүзүлүп, натыйжада айдоочу 1998-жылы туулган Кара-Суу районунун Б. К. аттуу тургуну экени аныкталган.

Айдоочу сурак учурунда «Жолдон адашып кирип кеттим», — деп түшүндүрмө берген. Ошондой эле, келтирилген чыгымдарды төлөп бере тургандыгын айтып, шаар тургундарынан кечирим сураган.

Copyright © 2017 Maral FM