Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан-Индия» бизнес форуму башталды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 459 | 0

Бүгүн, 14-июнда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин  расмий иш сапарынын алкагында «Кыргызстан-Индия» бизнес форуму башталды.

Эки күндүк иш-чара Кыргызстан менен Индиянын  экономикалык кызматташуусун активдештирүү, инфратүзүмдүк жана энергетикалык долбоорлорду биргеликте ишке ашыруу жана алдыңкы индиялык компанияларды кызматташууга тартуу максатында өтөт.

Форумга президент Сооронбай Жээнбеков жана Индиянын премьер-министри Нарендра Моди катышууда. Ошондой эле, форумга эки өлкөнүн белгилүү мамлекеттик инсандары, ишкерлери, алдыңкы жана ири компаниялардын жетекчилери да келди.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM