Биз менен байланышыңыз

Жээнбеков: ШКУ өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 498 | 0

«ШКУ эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө», – деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-июнда Бишкек шаарында өтүп жаткан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Сооронбай Жээнбеков билдиргендей, 2018-жылы Циндао шаарында ШКУ Саммитинде жетишилген макулдашууларды тажрыйбалык түрдө ишке ашыруу боюнча жүргүзүлгөн жумуштар жыйынтыкталды. Ошондой эле мамлекет башчы, башкы катчы Владимир Имамович Норовго жана бир жыл бою бүгүн кабыл алына турчу документтерди даярдоо боюнча тынымсыз иштегендердин бардыгына ыраазычылык билдирди.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков Евразиядагы ири территорияны ээлеп, ШКУ Хартиясынын, Шанхай духунун принциптерин карманып, ШКУ келечекте көп полярдуу дүйнөнү курууга аянтча боло ала тургандыгын жана Евразиядагы макулдашылган, жооптуу жана маанилүү чечимдерди кабыл алуунун борбору түзүлүп жатканын билдирди..

Ошондой эле мамлекет башчы баңги заттардын мыйзамсыз айлануусуна каршы күрөш тармагында эл аралык түзүмдөр, анын ичинде БУУнун түзүмдөрү менен дагы натыйжалуу кызматташуу уланып жаткандыгына токтолду.

— Бул үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкекте өткөн ШКУ — Ооганстан Контакттык топтун кезектеги жыйынынын жыйынтыгында жана бүгүнкү Саммиттин талаасында кол коюла турган Жол картасынын долбооруна дагы таасирин тийгизди», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчы кыргыз тарап экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ШКУнун Органын түзүүнү сунуштап, кылмыштуу, террористтик жана согуштук-саясий максаттарда IT технологияларды колдонуу коркунучтары күчөп жаткандыгын белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, байкоочу мамлекеттерди дагы камтыган мамлекеттер аралык транспорттук-логистикалык байланыштарды тереңдетүү маанилүү экендигине токтолуп, «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоорду тезинен ишке ашырууну кубаттай турганын айтты.

ШКУнун аймактык экономикалык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык байланыштарынын кеңейтүү маанилүү экендигин баса белгилеп, «ШОС-ЕврАзЭС» форматында кызматташууну ишке ашыруунун келечеги кең болоруна ишенимин билдирди.

Жалпы глобализациянын маалында дүйнө элдеринин жана этносторунун өздүк идентификациясы көбүрөөк актуалдуу экендигин белгилеп, ШКУ өлкөлөрүнүн жана Жибек жолу өлкөлөрүнүн маданий-интеграциялык борборду түзүү демилгесин көтөрдү.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчы жаңы 10 жылдыкка ШКУ прагматикалык, динамикалык жана жаратман уюм болуп кирет деген үмүтүн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM