Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 15-июнда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда
түнкүсүн: 12…17… күндүз: 23… 28 °C;
Талас облусунда
түнкүсүн: 12….17….күндүз: 20…..25°C;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында
түнкүсүн: 13…18….күндүз: 24……29 °C;
Ысык-Көл облусунда
түнкүсүн: 8…13….күндүз: 18…23°C;
Нарын облусунда
түнкүсүн: 7….12…..күндүз: 17….22°C;
15-июнда Бишкекте күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Түнкүсүн күн ачык болот. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы күндүз 24….26°C, түнкүсүн 15…17°C.