Биз менен байланышыңыз

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Бишкекке келди

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 589 | 0

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн Кыргызстанга келди. Тажик өлкө башчысын «Манас» аэропортунан премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды.

Эмомали Рахмон Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) жыйынына катышат.

Ал сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Бүгүн Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Анда байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да болот.

Copyright © 2017 Maral FM