Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте ШКУнун саммити башталды

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 648 | 0

Бүгүн Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын саммити башталат.

Ага катышуу үчүн Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын лидерлери келишкен.

Саммитке байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да катышып жатат.

ШКУнун саммитине кол коюу үчүн тараптар 20дай жыйынтыктоочу документтерди даярдашкан.

Саммиттин бүгүнкү отурумуна Кыргызстан төрагалык кылып, кийинки саммитке төрагалык кылууну Орусияга өткөрүп берет.

Бишкектеги ШКУ саммитинин программасы

Copyright © 2017 Maral FM