Биз менен байланышыңыз

Путин Модини Чыгыш экономикалык форумуна чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 404 | 0

Орусиянын Президенти Владимир Путин Индиянын премьер-министри Нарендра Модини сентябрда Орусиянын Владивосток шаарында өтүүчү Чыгыш экономикалык форумуна башкы конок катары катышып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Эки өлкөнүн башчыларынын жолугушуусу Бишкек шаарында  өттү.

Владимир Путин ошондой эле, Модинин премьер-министр болушу менен куттуктап, эки тараптуу кызматташтыктыктын мындан ары өнүгүшүнө ишене тургандыгын билдирди.

Эске салсак, Чыгыш экономикалык форуму 4-6- сентябрда Владивосток шаарында өтөт.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM