Биз менен байланышыңыз

Владимир Путин Бишкекке келди

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 673 | 0

Орусиянын Президенти Владимир Путин бүгүн, 13-июнда Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйынына катышуу үчүн Бишкекке келди. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Владимир Путинди «Манас» эл аралык аэропортунан президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Ушул жерде эки мамлекет башчыларынын эки тараптуу жолугушуусу болду.

ШКУнун алкагында Владимир Путиндин башка мамлекеттердин башчылары менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Кеңешмеде бир катар документтерге кол коюлмакчы, алардын катарында Бишкек декларациясы да бар.

Эске салсак, 14-июнда Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Анда байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да болот.

Copyright © 2017 Maral FM