Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы 9-Майды Адамзаттын фашизмди жеңген Эл аралык жеңиш күнү деп таанууну сунуштоодо

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 674 | 0

9-май — Жеңиш күнүн Адамзаттын фашизмди жеңген эл аралык Жеңиш күнү деп таануу сунушталууда.

Мындай кайрылуу Кыргызстандын Акыйкатчы институту тарабынан жасалды. Бул тууралуу акыйкатчы Токон Мамытов Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиевага жолдогон кайрылуусунда белгиленгенин мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Анда 2020-жылы Жеңиштин 75 жылдыгына карата бир катар демилгелерди сунуштады:

-Дүйнөлүк Экинчи (Улуу Ата Мекендик) согуштун жыйынтыгын бүткүл прогрессивдүү адамзаттын тарыхый, руханий, маданий жана материалдык эмес мурасы катары таанып, бул чечимди 2003-жылдын 17-октябрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы конференциясынын 32-сессиясында кабыл алынган ЮНЕСКОнун  «Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө» Конвенциясынын текстине киргизүүнү;

-Нюрнберг процессин жана анын чечимин да тарыхый, руханий, маданий жана материалдык эмес мурас катары таанып, бул чечимди ЮНЕСКОнун «Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө» Конвенциясынын текстине толуктоо катары киргизүүнү;

-9-майды (Дүйнөлүк экинчи (Улуу Ата Мекендик согуштагы) Жеңиш күнүн Адамзаттын фашизмди жеңген эл аралык Жеңиш күнү деп таануу сунуштамасы менен ЮНЕСКОнун алдында жана «Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жөнүндө» Конвенцияга кол койгон бардык өлкөлөрдү жогоруда аталган демилгелерди ар тараптан колдоо жана ишке ашыруу өтүнүчү менен чыгууну суранды.

Copyright © 2017 Maral FM