Биз менен байланышыңыз

Орозова: Мечиттер электр акысын коммерциялык эмес, абоненттик баа менен төлөшү керек

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 588 | 0

Мечит, медреселер электр энергиясынын акысын коммерциялык баа менен төлөйт. Бирок мындай төлөм аларга оорчулук алып келүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты.

— Мечит, медреселердин туруктуу каржы булагы жок экенин жакшы билебиз. Алар мечитке келген адамдардын ыктыярдуу түрдө берген каражатынын негизинде каржыланат. Негизинен ал жерге улгайган аталар барат. Айрыкча, кыш мезгилинде келгендерди жарык, жылуу суу менен камсыздоодо электр энергиясы көп чыгымдалат.

Депутат өлкөдөгү жалпы калктын 85 %ын мусулмандар түзөрүн айтып, тазалыкты, каада-салтты, улуттар аралык ынтымакты, стабилдүүлүктү сактоодо алардын эмгеги жогору экендигин кошумчалады. Ошол себептүү мечит-медреселер электр энергияга болгон төлөмдү коммерциялык эмес, абонент катары төлөшү керектигин айтып, өкмөткө сунуш берди.

Copyright © 2017 Maral FM