Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: 15-16-июнда туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 414 | 0

15-июнда жана 16-июнда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатарын ӨКМ эскертет.

Copyright © 2017 Maral FM