Биз менен байланышыңыз

Си Цзиньпин: Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүп жатат

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 1918 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун башкаруу убагында өлкөнүн экономикасында өсүш байкалды. Мындай бааны Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында берди. Ал өлкөдө коррупцияга каршы кызуу күрөш жүрүп жатканын айтып, кыргыз-кытай кызматташтыгы мындан ары кеңейе турганын белгиледи.

Белгилей кетсек, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин Бишкекке мамлекеттик сапарынын алкагында келди. Тар жана кеңири жолугушуулардын жыйынтыгында 20 документке кол коюлары күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, 13-14-июнь күндөрү Бишкекте ШКУнун саммити өтмөкчү. Ага Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистандын катышары күтүлүүдө. Ал эми байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери келет.

Copyright © 2017 Maral FM