Биз менен байланышыңыз

«Атамбаев элди, аймактарды сындаганда, парламент үн каткан эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 13 Июн 2019 | 642 | 0

Юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев «Марал» радиосуна берген маегинде экс-президент Алмазбек Атамбаев эл өкүлдөрүн гана эмес, коомчулукту, аймактарды сындаган учурлары болгонун, бирок ал кезде парламент үн катпай отурганын айтып, сынга алды.

Анын айтымында, өлкөдө элдик шайлоо жок болгондуктан, саясатка принциби жок адамдар келип калган. Мындан улам, парламент мокок болууда. Эл өкүлдөрү маселелерди өз убагында көзгө сайып көрсөтө албай жатат. Депутаттардын көбү коркоктук менен мамиле кылат. Ага бир гана Атамбаев күнөөлүү эмес.

«Система туура эмес түзүлүп калган. Атамбаев да системаны пайдаланып жатат. Сын конструктивдүү мүнөздө айтылып, адамдардын аброюна шек келтирилбеши керек. Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин билдирүүлөрүнө жооп бериши керек. Өлкө башчы жеке кадыр-баркын коргошу зарыл», — дейт Бөрүбашев.

Ал кошумчалагандай, саясат — мамлекеттик иш. Өлкөдө мамлекеттик кызыкчылык жеке кызыкчылыкка ооп кетүүдө.

 

Copyright © 2017 Maral FM