Биз менен байланышыңыз

Лейлекте дизель майын мыйзамсыз ташып бараткандар кармалды

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 569 | 0

Баткен облусунун Лейлек районунда мыйзамсыз түрдө дизель майларын ташып келе жаткан унаалар кармалды.

Окуя 10-июнда болгонун Финансы полициясы бүгүн билдирди.

Маалыматка караганда, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү УКМК кызматкерлери менен биргеликте Баткенде рейд өткөргөн. Анын жүрүшүндө Лейлек районунда «КамАЗ» үлгүсүндөгү 2 унаа кармалган.

Алар Кыргызстандан Тажикстанга 30 тонна дизель майын ташып бара жаткан. Кармалган унаалар айып аянтына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM