Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан темир жол куруу боюнча Монголиянын тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 471 | 0

«Кыргызстан трансулуттук темир жолун куруу жана темир жол инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча Монголиянын тажрыйбасы менен таанышууга кызыкдар». 

Мындай пикирин президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12- июнда Монголия президенти Халтмаагийн Баттулганын Кыргызстанга жасаган расмий визитинин алкагындагы кеңейтилген курамдагы жолугушууда билдирди.

Монголия президентинин темир жол курулушу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу чөйрөсүндөгү сунушка жооп катары Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жол курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруу үчүн сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мамлекет башчысы Кыргызстан темир жол тармагын кеңейтүү жана модернизациялоо боюнча монгол тажрыйбасына кызыкдар экенин айтып, Транспорт жана жолдор министрлигинин адистерин Монголияга жөнөтүп, аталган багытта тажрыйба алууну сунуштады.

Copyright © 2017 Maral FM