Биз менен байланышыңыз

Ош Кытайдын эки шаары менен кызматташат

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 424 | 0

Бүгүн, 12-июнда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Шицзячжуан шаарынын вице-мэри Ли Сюэронг мырза баштаган өкүлдөр менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда Ош шаары менен Шицзячжуан шаары боордоштук мамиле түзүү боюнча келишимге кол коюунун алкагында пикир алышып, кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Таалайбек Сарыбашов аталган шаар менен экономикалык, туризм жана маданий жактан кызматташууга кызыкдар экенин билдирди.

Кытай менен Кыргызстандын өлкө башчыларынын катышуусунда Бишкекте өтүүчү жолугушууда Ош шаары Шицзячжуан шаары менен Кызматташтык келишимине кол коеру күтүлүүдө.

Мындан сырткары, Таалайбек Сарыбашов Кытайдын Шэньси провинциясынын Сиань шаарынын мэри Ли Минюань мырзаны да кабыл алып, эки шаардын кызматташуусу жана инвестиция тартуу маселелери талкууланды.

Copyright © 2017 Maral FM