Биз менен байланышыңыз

Кытай жашылча-жемиш жана азык-түлүктөрдү сатып алууга кызыкдар

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 367 | 0

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев «Хара Кытай» эл аралык компаниясынын өкүлү Гао Цзюнь менен жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууда айыл чарба азык-түлүктөрүн Кытайга экспорттоо, импорттоо жана азык-түлүктөрдү узак убакытка сактоочу чоң көлөмдөгү муздаткыч алуу, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу маселелери талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Эркинбек Чодуев бир катар айыл чарба азык-түлүктөрүн Кытайга экспорттоо пландалып жатканын билдирди. 

Кытай тарап Кыргызстандын айыл чарба азык-түлүктөрү табигый жактан сапаттуулугун баса белгилеп, жашылча-жемиш жана азык-түлүктөрдү сатып алууга кызыкдар экенин айтып, Кыргызстанга агропарктарды куруп, айыл чарба багытында тыгыз кызматташууга даярдыгын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM