Биз менен байланышыңыз

Улан-Батордо Кыргызстандын консулдугу ачылат

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 462 | 0

«Кыргызстан менен Монголиянын ортосундагы саясий кызматташтык жаңы деңгээлге чыгууда». Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанга расмий визит менен келген Монголия президенти Халтмаагийн Батулга менен жолугушуу учурунда айтты.

Мамлекет башчы эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү зарылчылыгын белгиледи. Ошондой эле, Монголиянын Кыргызстандагы элчилигинин ачылышы менен кызматташтыктын дарамети толук ачылып, мамилелер жаңы деңгээлге көтөрүлөрүн айтты.

Аны менен катар, Кыргызстандын да Монголияда өкүлчүлүгүн ачуу каралып жатканын, жакын арада Улан-Батордо Ардактуу консулдук ачуу планы бар экенин билдирди.

Соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү максатында бизнес-форум өткөрүүнү сунуштады. Ошондой эле, тоо-кен өнөр жайы тармагындагы Монголиянын тажрыйбасын үйрөнүүгө, жаратылыш ресурстарын башкаруу, мамлекеттик органдардын ишмердигин санариптештирүү боюнча пикир алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM