Биз менен байланышыңыз

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга Кыргызстанга келди

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 494 | 0

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга бүгүн расмий сапары менен Кыргызстанга келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан аны премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тосуп алды. Расмий сапарынын алкагында Халтмаагийн Баттулга президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушат.

Эки мамлекет башчынын жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча эки жактуу бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Монголиянын президенти ошондой эле, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышат.

Монголиянын президентинин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен эки тараптуу жолугушуулары күтүлүүдө.

Президент Халтмаагийн Баттулганын катышуусунда Монголиянын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин расмий ачылышы болот. Мындан тышкары, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барат.

Copyright © 2017 Maral FM