Биз менен байланышыңыз

Министр менен Элчи кыргыз-индус кызматташтыгын талкуулады

Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 383 | 0

Өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кечээ Индиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок Амитабх Димри менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалыматтык департаментинен кабарлады.

Жолугушууда Индиянын премьер-министри Нарендра Модинин Кыргызстанга боло турган расмий сапарын даярдоо маселелери талкууга алынды.

Талкууда расмий сапардын мазмундуу бөлүгүнө, ошондой эле, кыргыз-индус бизнес-форумун жана текстиль менен кол өнөрчүлүк буюмдарынын көргөзмөсүн өткөрүүгө өзгөчө басым жасалды.

Copyright © 2017 Maral FM