Биз менен байланышыңыз

Женевада Эл аралык эмгек уюмунун мааракелик жыйыны башталды

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 516 | 0

Женева шаарында Эл аралык Эмгек уюмунун CVIII (108) мааракелик жыйыны башталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

21-июнга чейин улана турган ири иш-чарага дүйнөнүн 187 өлкөсүнөн келген эл аралык жана бейөкмөт уюмдардан 5 миңге жакын өкүл катышууда. Булардын катарында Кыргызстандан барган Өкмөттүн улуттук иш берүүчүлөр конфедерациясынын жана Профсоюздар федерациясынын өкүлдөрү да бар.

Жыйындын негизги темасын Жумуш орундарына жайгаштыруу жана эмгектин татыктуу келечеги боюнча глобалдык комиссиясынын баяндамасы түзөт.

Мааракелик конференциянын жыйынтыгында «Эл аралык эмгек уюмунун 100 жылдык декларациясы» наамындагы маанилүү документ кабыл алынат. Бул документ Уюмдун аракеттери жана майнаптуу иштеринин жыйынтыгына баа берүү менен бирге алдыдагы 100 жылда экономиканын туруктуу өнүгүсүнө жана ааламдагы адамдарды татыктуу  жана туруктуу иш менен камсыз кылууга арналган демилгелерди белгилейт.

Copyright © 2017 Maral FM