Биз менен байланышыңыз

83 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылгандар кармалды

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 1167 | 0

«Чоң-Капка — Автожол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен 83 тоннадан ашык күйүүчү майды мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылгандар колго түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен иштөө бөлүмү кабарлады.

Көзөмөл өткөрүү бекетинде 4 жүк ташуучу унааны текшерүү учурунда документтерде «нефрас» деп көрсөтүлүп, бирок аларда 83 тоннадан ашык күйүүчү май бар экени аныкталган.

Документтерине шайкеш келбеген жүктүн ээлери Казакстандын 1985-жылы туулган жараны К. К., 1980-жылы туулган З. А. аттуу жараны жана 1985-жылы туулган Е. П.аттуу жараны кармалган.

Аталган факт андан аркы изилдөөлөр үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына өткөрүлүп берилди.

 

Copyright © 2017 Maral FM