Биз менен байланышыңыз

Ош: Парктагы тепкичтерден унаасын айдап түшкөн жигит кармалды

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 1300 | 0

Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу багынын жөө адамдар жүрүүчү тепкичтери менен унаасын айдап түшкөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мекеменин маалымдаганына караганда, парктагы видеокөзөмөл камерасына түшүп калган бул окуя 9-июндан 10-июнга караган түнү болгон. Видео аркылуу издөө жүргүзүлүп, натыйжада айдоочу 1998-жылы туулган Кара-Суу районунун Б. К. аттуу тургуну экени аныкталган.

Айдоочу сурак учурунда «Жолдон адашып кирип кеттим», — деп түшүндүрмө берген. Ошондой эле, келтирилген чыгымдарды төлөп бере тургандыгын айтып, шаар тургундарынан кечирим сураган.

Учурда келтирилген чыгымдар аныкталууда.

Copyright © 2017 Maral FM