Биз менен байланышыңыз

Ала-Бука: Аскер бөлүгүнөн качкан жоокер кармалды

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 429 | 0

Ала-Бука чек ара отрядынан качкан жоокер кармалды. Бул кабарды Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жоокер аскер бөлүктү таштап качып баратканда кармалып, аскер бөлүгүнө кайра жеткирилген.

Окуя боюнча аскер прокуратурасына, күч органдарына маалымдалган.

Учурда аскер кызматкеринин чек ара бөлүгүн таштап кетүүгө аракеттенгенинин себептери аныкталууда.

Copyright © 2017 Maral FM