Биз менен байланышыңыз

Синтетикалык тор, ток менен балык кармоого тыюу салынат

Кыска кабар | 11 Июн 2019 | 696 | 0

Кыргызстанда эми балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр тогу менен балык кармоочу тутумдарды өлкө аймагына алып кирүүгө, колдонууга тыюу салынат. Бул максатты көздөгөн мыйзам долбоорунун концепциясы Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактардын өнүктүрүү боюнча комитетинде каралып жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин расмий сайтында айтылат.

«Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр тогу менен балык кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору депутаттар Жыргалбек Турускулов менен Бактыбек Турусбеков тарабынан демилгеленген.

Демилгечи депутат Турускуловдун айтымында, мындай торлор көлгө ташталып, суудагы жандыктардын өлүмүнө себеп болууда. Бул көрүнүш өз кезегинде көлдүн суусунун бузулушуна алып келет.

«Мындан улам, айлана-чөйрөнү сактоону алдын алуу үчүн синтетикалык торлорго, электр кайырмактарын өлкөгө алып кирүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору даярдалган», — деди депутат.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоорлорунун концепциясын жактыруу чечими кабыл алынды.

Copyright © 2017 Maral FM