Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө балык уулоого чыккан эки киши көз жумду

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 1270 | 0

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда балык уулоого чыккан эки эркек киши көз жумду. Бул тууралуу  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, 11-декабрда Тоңдун Кара-Талаа айылынын 50 жана 43 жаштагы тургундары Ысык-Көлгө балык уулаганы кеткен бойдон кайтып келген эмес. Кайрылуу ӨКМге саат 17:00дө түшкөн.

Аларды издөө ишине беш куткаруучу, беш милиционер, айыл өкмөттүн беш кызматкери жана 30дай айыл тургуну тартылган.

Эркек кишилердин сөөгү 22:00дөр чамасында жээктен 20 метр алыстыкта, үч метр тереңдиктен табылып, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.

Copyright © 2017 Maral FM