Биз менен байланышыңыз

«Коомдо билим берүү тармагында чоң ажырым бар»

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Июн 2019 | 583 | 0

Борбор Азиянын аймактык илим изилдөө институнун директору, Хопкинс университетинин профессору Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосуна берген маегинде Кыргызстанга эмес, дүйнөгө жараша адис тарбиялоо зарыл экенин билдирди.

Анын айтымында, учурда көптөгөн эл аралык компаниялар кызматкерлеринен диплом талап кылбайт. Алар адистердин коммуникациялык жөндөмүнө, тайпа менен иштеп кетүү шыгына көңүл буруп жатат.

Иш орундары да санариптеше баштады. Андыктан, жаштарды учурга эмес, алар жашаган коомго тарбиялоо зарыл. Ал үчүн келечекте актуалдуу боло турган кесиптерге анализ жасоо керек. Бирок Кыргызстан оптималдаштырууну формалдуу түрдө аныктап жатат.

«Биз келечекти балдарга талдап бере албасак, аларды туңгуюкка түртөбүз. Окуучулар үйрөнгөнүн көндүмгө айланта алабы? Алар алган билим келечекте актуалдуу болобу? Биздин билим берүү тармагыбыз ушул сыяктуу суроолорго жооп бере албай жатат», — дейт Бейшеналиев.

Ал мындан сырткары, бүгүнкү күндө коом менен билим берүү тармагынын ортосунда чоң ажырым бар экенин белгиледи.

«Билим берүү тармагын жетектеп жаткандардын бийликтегилер менен кызыкчылыктары бар. Же болбосо бири-бири менен мамилеси төп келип турат. Бирок коом бир тарапта калып калды. Ата-энелер балдардын келечегин ойлошсо, алар окуп жаткан сабактар келечекте пайдасы тиеби?» — дейт Бейшеналиев.

 

Copyright © 2017 Maral FM