Биз менен байланышыңыз

Кытай лидеринин китеби — кыргыз тилинде

Коом | 10 Июн 2019 | 605 | 0

8-июнда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында кыргыз тилине которулуп жарык көргөн Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» китебинин I томунун  бет ачары болуп өттү. Иш-чарага президент Сооронбай Жээнбеков, «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фондунун негиздөөчүсү, экс-президент Роза Отунбаева, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвень жана башка расмий өкүлдөр, дипломаттар, окумуштуулар, окутуучулар, коомдук ишмерлер катышты.

Кытай лидеринин китебинин ачылышында сөз сүйлөгөн президент Сооронбай Жээнбеков бул  китеп аркылуу Кытайдын мамлекеттик саясатын, философиясын тереңирээк түшүнүп, өнүгүү жолунан өрнөк алса боло тургандыгына токтолду. Бир жумадан кийин Кыргызстандын жакын досу, дүйнөлүк лидерлердин бири — Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин биздин өлкөгө мамлекеттик сапары боло тургандыгын айтып, бул визит кыргыз-кытай мамилелеринин жаӊы тарыхый барагын ачат деген оюн айтты.

— Мен китептен дүйнөлүк өнүгүүгө болгон жаңы идеяларды, адамзаттын жашоосун жакшыртууга багытталган асыл ойлорду таптым. Биз үчүн өтө маанилүү жагдай Си Цзинпинь мырза чектеш мамлекеттерге, өзгөчө Орто Азиядагы коңшу өлкөлөргө карата өзүнүн көз карашын жеткиликтүү билдирген. Китепте жазылган ынак коңшулук дипломатияга арналган ар бир сүйлөм кыргыз окурманынын жүрөгүнөн жылуу орун табат.

Ал эми экс-президент Роза Отунбаева Кытай мамлекетинин дүйнөдөгү саясий жана экономикалык ордун баса белгилеп, эки тараптын кызматташуусунун маанилүүлүгүнө токтолду. Буга чейин 2015-жылы  аталган фонд тарабынан «Менин атам — Дэнь Сяопинь» аталышындагы китеп кыргыз тилине которулганын айтып, азыркы Кытай мамлекети тууралуу кыргызча китептер жана фильмдер өтө эле аз экенин айтты.

— Си Цзинпинь Казакстандагы Назарбаев университетинде студенттер менен жолугуп жатып, берилген суроолорго мындай деп жооп берген:

  • Кытай башка өлкөлөрдүн өз алдынча тандаган өнүгүү жолун,тышкы жана ички саясатын урматтайт;
  • Кытай Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ички саясатына кийлигишпейт;
  • Аймактык мамилелерди чечүүдө лидерликке умтулбайт;
  • Өзүнө таасир этүү чөйрөлөрүн түзбөйт;

Буларды айтуу менен бирге, «Биз — кубаттуу өлкөлөр сөзүз гегемонияга умтулабыз деген түшүнүктү четке кагабыз. Биз тынч өнүгүү жолу менен баратабыз», — деген.

«Си Цзинпинь бул эмгегинде Кытай мамлекети дүйнөлүк экономикада кандай жол менен алдыга суурулуп чыкканын баяндап, келечектеги идеологиялык максаттарын жазган», — дейт саясат таануу илимдеринин доктору, профессор Жолборс Жоробеков. Анын айтымында, дүйнөлүк процесстерге кызыккан ар бир адам бул китепти окуп чыгышы керек. 2 миң жылдан ашык убактан бери  мамлекеттүүлүгүн сактап келе жаткан Кытай мамлекетинин Кыргыз мамлекети үчүн өрнөк алчу жактары көп экенин белгиледи.

— Китеп абдан чоң, көп пландуу. Бул жөнүндө өзүнчө сөз кылуу керек. Ал эми Кыргызстан жөнүндө тике айтылбаса да, коңшулар менен болчу мамиле өтө так жазылган. Биздеги айрым саясатчылар «Кытай басып алат», — деп жатышат. Антип айтууга негиз жок.

Эскерте кетсек, аталган китепти кыргыз тилине дипломат Бактыгүл Каламбекова которуп, «Роза Отунбаеванын демилгелери» эл аралык коомдук фонду жана Кытайдын чет тилдер басмаканасы тарабынан каржыланып, басып чыгарылган.

Чыңгызхан КОЖОШОВ

Copyright © 2017 Maral FM