Биз менен байланышыңыз

Суусамырда жоголгон үч жаштагы бала табылбай жатат

Кыска кабар | 10 Июн 2019 | 534 | 0

Чүй облусунун Жайыл районунда 2-июнь күнү Суусамыр айыл аймагынын Биринчи Май айылында дайынсыз жоголгон үч жаштагы бала изделип жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиргендей, кечээ издөө иштерине ӨКМнин аймактагы бөлүмдөрүндөгү куткаруу топторунан жалпы 26 куткаруучу жана 5 суучул тартылып, издөө иштери жүргүзүлдү. Азырынча натыйжа чыга элек.

Издөө иштери уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM