Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: Экс-президентти ордуна коюп, оозун жабыш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 616 | 0

Бийлик экс-президент Алмазбек Атамбаевдин 8-июндагы митингде айткан сөздөрүнө реакция кылышы зарыл. Мындай пикирин Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев президент Сооронбай Жээнбековдун беделине шек келтирген сөздөрдү айткан. Буга тийиштүү орган чара көрүшү керек.

Экс-президенттин иш-аракети боюнча президенттин маалымат кызматы жооп берсе болот. Бирок аны орчундуу маселе катары кароонун кажети жок, көбүрөөк укук коргоо органдары иликтеши зарыл.

«Атамбаев өз убагында саясатчы, журналисттерди кандай гана куугунтуктаган. Мамлекет экс-президентке кадыр-барк менен мамиле кылат. Атамбаевди күзөтүнөн тарта, тамак-ашына чейин мамлекет багып жатса, ал башкача мамиле кылууда. Атамбаев сынга алса да, конструктивдүү сын айтышы зарыл, бирок президенттин беделине шек келтирбеши керек. Мындан улам экс-президентти ордуна коюп, оозун жабыш керек», — дейт Сооронкулова.

Ал КСДПнын 8-июнда өткөн митингде кабыл алынган резолюциясын ультиматум катары баалады. Ошондой эле, Атамбаев саясатка аралашууну көздөсө, анда экс-президент сатусун тапшырып бериши керектигин белгиледи.

Сооронкулова кошумчалагандай, жалпы коомчулук Атамбаевдин интервьюларына кайдыгер мамиле кылып коюшу керек. Эл  көңүл бурган сайын, Атамбаев күчөй берет.

Белгилей кетсек, КСДП 8-июнда «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аталышындагы митинг өткөрүп, ага Атамбаев да катышкан. Иш-чаранын соңунда резолюция кабыл алынып, бийликке 5 талап коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM