Биз менен байланышыңыз

Сооронкулова: Атамбаев Матраимов тууралуу калп айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Июн 2019 | 910 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин «Бажы кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун иштери тууралуу билбейм», — дегени калп. Мындай пикирин Конституциялык соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Атамбаев да бажыдагы коррупцияга аралашкан.

«Системдүү реформаларды ишке ашыруу зарыл. Бажы түзүлгөндөн бери коррупция, аткезчилик көйгөйү чечилбей келет. Өзгөчө Кыргызстан ЕАЭБге кирген соң, маселелер өөрчүдү. «Мүмкүн, ошол коррупциялык схеманы азыркы бийлик колдонуп жатабы?» — деген суроо туулат», — дейт Сооронкулова.

Ал мындан сырткары, Атамбаев бийликте турганда президенттик фондго сырттан каражаттар келип турганын, бул эл аралык деңгээлдеги коррупцияга жол ачарын жана коопсуздукка коркунуч жаратарын белгиледи.

«Атамбаев бийликте турганда президенттик фонддогу акчалар кайдан келгенин, алар кайда сарпталганын иликтеп көрсөтүшү керек. Ошол эле учурда, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков да президентик фондго түшкөн каражаттар, анын пайдалануусу тууралуу элге отчёт бериши зарыл», — дейт Сооронкулова.

Ал буга кошумча, Атамбаев бийликти өзү өткөрүп бергенин айтып, анын экс-президент катары оппозиция болууга моралдык укугу жок экенин билдирди. Эгерде Атамбаев оппозиция тарапта болууну кааласа, анда экс-президент статусун тапшырып бериши керектигин белгиледи.

Белгилей кетсек, КСДП 8-июнда «Коррупция менен реалдуу күрөшүү үчүн» аталыштагы митинг өткөрүп, ага Атамбаев да катышкан. Иш-чаранын соңунда резолюция кабыл алынып, бийликке 5 талап коюлган.

Copyright © 2017 Maral FM