Биз менен байланышыңыз

Казакстанда жүздөгөн жарандар таза шайлоо үчүн митинге чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 523 | 0

Казакстандын борбор шаары Нур-Султанда жүздөгөн адамдар эски аянка чогулуп, шайлоонун таза өтүүсүн талап кылышууда. Бул тууралуу РИА Новости агентиги жазды.

Митингчилер «Бойкот!», «Маскара!», «Казахстан!» деп кыйкырышууда.

Ушундай эле ураан менен Казакстандын Алматы шаарында президенттик шайлоону бойкот кылууга чакырып, жүзгө жакын адам митинге чыгып, аларды полиция кармап кеткендиги да айтылууда.

Казакстандын Ички иштер министрлиги шайлоого карата 7-июндан 12-июнга чейин күчөтүлгөн режимде иштей тургандыгын буга чейин билдирген болчу.

Ошондой эле аталган министрлик шайлоо учурунда нааразылык акцияларына жана митинге чыккан жарандарга чаралар көрүлө тургандыгын да эскерткен.

Эске салсак, бул Казакстандын эгемендүүлүгүнөн кийинки президенттик алтынчы шайлоо. Өлкөнү 30 жылга жакын башкарган Нурсултан Назарбаев 20-мартта отставкага кетип, өлкөнү башкарууга Касым-Жомарт Токаев келген. Токоев президенттик кызматка келип, 3 жумадан кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүнү жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM