Биз менен байланышыңыз

Казакстан: Шайлоочулардын 12,8%ы добуштарын беришти

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Июн 2019 | 522 | 0

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү Акылбек Ихданов билдиргендей, саат 10.00гө алынган мааалымат боюнча жалпы шайлоочулардын 12,8%ы өз добуштарын беришти.

Эң көп шайлоого катышкандар Акмолинск облусунун шайлоочулары болуп, 20,5%ды түздү, эң аз Алма-Атада катталып, добуш бергендер 4,1%.

Шайлоого жалпысынан 12 миллионго жакын шайлоочунун катышуусу күтүлүп жатат. Президенттикке 7 талапкер ат салышууда.

Бул Казакстандын эгемендүүлүгүнөн кийинки президенттик алтынчы шайлоо. Өлкөнү 30 жылга жакын башкарган Нурсултан Назарбаев 20-мартта отставкага кетип, өлкөнү башкарууга Касым-Жомарт Токаев келген. Токоев президенттик кызматка келип, 3 жумадан кийин мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону өткөрүүнү жарыялаган.

Copyright © 2017 Maral FM